Марокколук мушкер Олимпиададагы беттеште атаандашынын жаагын тиштеп алды. Видео

Жазылуу
Олимпиада оюндарындагы беттеште аттандашына башкача кол салган марокколук мушкер Юнесс Бааланын кылыгы көптөрдү иренжитти.

Международный турнир по боксу в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Кыргызстанда кесипкөй бокс боюнча федерация түзүлдү
Марокколук мушкер Юнесс Баала Олимпиада-2020 мелдешинде атаандашынын жаагын тиштеп алды. Бул тууралуу РИА Новости жазып, кызыктуу окуянын видеосун чыгарды.

Баала жаңы зеландиялык Давид Ньикага жеңилген. Марокколук атлет үчүнчү раундда чабуул жасап жаткан атаандашынын жаагын тиштеп алган. Бактыга жараша, Ньика бул аракетти сезип, башын ала качкан. Алып баруучулар Бааланын мындай кылыгын "жеткен акылсыздык" деп атаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0