Шумкар асманда учкан дронго кол салып, аны илип кетти. Видео

Жазылуу
Социалдык тармактарда шумкардын квадракоптерге чабуул койгон видеосу тарады. Жырткыч куш аппаратты мыкчып алып кеткен.

Россиялык ЖМКлар жазгандай, окуя Камчатка аймагында жергиликтүү блогер табияттын кооздугун тартып жатканда болгон.

Жырткыч куш учуучу аппаратка кол салган. Кадрдан көрүнүп тургандай, шумкар дронду учуп бара жаткан жеринен илип кеткен. Аппаратты асманда бир кыйла аралыкка чейин мыкчып барып, саздак жерге таштап койгон.

Маалым болгондой, дрон GPS координаттары аркылуу табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0