Көчөдөн баса калып... ИИМ "Женгонун" жан сакчысын кармаган видеону жарыялады

Жазылуу
Ошто "Женго" деген каймана аты бар кримтөбөлдүн айдоочу-жан сакчысы кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 26 жаштагы М.А. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган, Ош шаарында мурда соттолгон. Ошондой эле Ош шаары жана облусу боюнча кримтөбөл "Женгонун" айдоочу-жан сакчысы экени айтылат. 

"Ал 10-июль күнү алдын ала сүйлөшүлгөн адамдардын тобу менен бейбаштык кылган. Ош шаарындагы кафелердин биринин жанында Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургунун бычак менен коркутуп, кол сумкасын тартып алган. Анын ичинде 1600 доллар жана 48 миң сом өлчөмүндөгү акча болгон", — деп айтылат маалыматта. 

Факт Жазык кодексинин 266-беренеси (“Бейбаштык”) менен каттоого алынган. Кармалган жаран Ош шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0