Таласта сел көпүрөнү алып кетип, элди жүктөгүч менен алып чыгышты. Видео

Жазылуу
21-июлда нөшөрдөн улам Талас облусунун аймагында сел жүргөн. Ал Кара-Буура — Чаткал жолун каптап, көпүрөнү алып кеткен. Жергиликтүү тургундун айтымында, көпүрөдөн эч нерсе калган эмес.

ӨКМ ал жерден көп автоунаалар өтө калбай калгандыгын айтып, куткаруучулар келип жолду тазалашкан.

Жалпысынан 155 кишиге жардам көрсөтүлүп, алардын бир тобун жүктөгүч техниканын жардамы менен ташып чыгышкан.

Акыркы күндөрү Кыргызстандын бир топ аймактарында сел жүрүп, алардын бир катарлары адам өмүрүн алып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0