09:16 26 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5213
  • RUB1.1615
Видео

Euronews БАЭде ырдап, бизнес жасаган кыргызстандык кыз тууралуу сюжет тартты. Видео

Кыскача шилтеме алуу
266 0 0

Акмонун айтымында, бала кезинен сүрөт тартып, айкел жасап, ырдап келген. Ал үйүнө жакын жердеги Кыргыз улуттук консерваториясынын жанынан өткөн сайын токтоп, ыр менен машыгып жаткандардын үндөрүн уккан.

Кийин ал өзү да консерваторияга тапшырган. 18 жашка толгондо үй-бүлөсүндө акча тартыштыгы жаралып, Дубайга иштегени кеткен.

БАЭде ар кайсы өлкөлөрдөн келген артисттер менен байланыш-катыш түзө баштаган. Euronews Акмо Дубайды мыкты өздөштүрүп кетерине көзү жетип, өзүнүн дараметин толук ача ала турганын түшүнгөнүн жазды.

Кыргызстандык кыз үч жыл музыка мугалими болуп иштеп, карьера жасаганга бел байлаган. Бир катар, анын ичинде Бурж-Халиф жайындагы иш-чараларга катышат. Ал жерде көптөгөн белгилүү инсандардын алдында ырдайт. Алардын катарында Голливуд жылдызы Хью Жекман да болгон.

Пандемиядан улам концерттер токтоп калгандан кийин Акмо бардык каалоочулар үчүн ARTfem живопись курсун уюштурган.

"ARTfem курсуна билеттер өзүн толук актаган. Ал эс алуу күндөрдү көңүлдүү өткөрүүчү жайга айланды. Беш жыл мурда Дубайга келгенде менин өзүмдүн бизнесим болот деп ойлогон эмесмин", — деген Акмо.

Учурда ал ARTfem курсунун алкагында адамдарды аралыктан окутуу боюнча интернет-долбоор түзүүнүн үстүндө эмгектенип жатат. Акмо Дубайдагы Art Dubai 2022 эл аралык искусство көргөзмөсүнө катышуу үчүн портфолио даярдап жатат.

Тема боюнча

Кыргызстандык "Месси" Гүлжигит Алыкулов тууралуу даректүү тасма тартылды
Бир эле анимацияны миң түрлүү кылып тарткан сүрөтчүлөрдүн эмгеги. Видео
Белгилер:
Бириккен Араб Эмираттары, Дубай, Кыргызстан, ырчы, талант, музыка, бизнес

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ