Молдовада аткаминерлер түз эфирде согушуп, бири эсин жоготту. Видео

Жазылуу
Молдованын ички иштер боюнча мурдагы вице-министри Геннадий Косован президенттин экс-кеңешчиси Сергей Тофилат Jurnal TV телеканалынын түз эфиринде согуша кетти.

Sputnik Молдова агенттигинин жазганына караганда, саясатчылар теле берүүгө серепчи катары чакырылган. Эфир учурунда экөө тил табыша албай, жеке маселелерге өтүп кеткен.

Бир маалда вице-министр оппоненттин дарегине орой сөздөрдү айтып, ага суу чачып жиберген. Жооп катары бир нече жолу муштум жеп, эси ооп жыгылган.  

"Эгер сага суу чачышса, дал ошондой жооп бериш керек. Теледен муштум кезеп, зомбулукту көрсөтүп эмне кереги бар?.. Косован мырзага тез жардам чакырып, медициналык кызмат көрсөтүүгө туура келди”, — деп программага катышкандардын бири, Либералдар партиясынын төрагасы Дорин Киртоакэ өзүнүн Facebook баракчасына жазды.  

Көп өтпөй берүүнүн алып баруучусу Дмитрий Мишин тараптар бир пикирге келип, кол алышып сүрөткө түшкөнүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0