Айнектей болгон осьминог. Сейрек жаныбардын Тынч океандан тартылган видеосу

Жазылуу
Тынч океандын эң түбүн иликтеген окумуштуулар айнектей туптунук болгон сейрек кездешкен осьминогду байкап калышкан. Өзгөчө осьминогду видеосу "National Geographic Россия" сайтына жарыяланды. 
Өзгөчө жаныбардын териси айнектей тунук болгондуктан, видеодон  анын ички органдардын даана көрүүгө болот.  Маалым болгондой, суу жаныбарынын мындай түрү Vitreledonella richardi деп аталып, алар 1918-жылдан бери белгилүү. Бирок осьминог океандын эң түбүндө болгондуктан, аны камерага тартып алуу дээрлик мүмкүн эмес.
Окумуштуулардын айтымында, айнек осьминогдун баш жагындагы бөлүгү 11 сантиметр, ал эми жалпы денеси менен 45 сантиметрди түзөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0