Космоско барып келген британиялык миллиардер эми турист ташымай болду. Видео

Жазылуу
Британиялык миллиардер жана Virgin Galactic компаниясынын негиздөөчүсү Ричард Брэнсон жүргүнчү ташуучу VSS Unity ракетопланы менен суборбитага учуп барып келди. Бул учур YouTube аркылуу көрсөтүлдү.
70 жаштагы Брэнсон АКШнын Нью-Мехико штатындагы алгачкы жеке менчик Spaceport America космодромунан учту. Бул Virgin Galactic кемесинин толук экипаж менен алгачкы жолу абага көтөрүлүшү. Миллиардерди NASA уюмунун мурдагы кызматкери Бет Мозес, индиялык Сырыша Бандла жана инженер Колин Беннет коштоп барышты.
Ысык-Көлдүн космостон тартылган сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2021
Эң кооз көлдөрдүн бири! Ысык-Көлдүн космостон тартылган сүрөтү жарыяланды
Ага чейин Брэнсон өзүнүн Instagram баракчасына аны космоско узатып жаткан SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, “Алдыда укмуштуудай күн” деп жазган эле.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Richard Branson (@richardbranson)

 25-июнь күнү АКШнын Федералдык авиациялык башкармалыгы Virgin Galactic кемесине космоско коммерциялык негизде жүргүнчү алып барып келүүгө уруксат бергени белгилүү болгон. Жерди 80 чакырым алыстыктан көргүсү келгендерге билет баасы 250 миң доллар турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0