Конордун сынган буту, Жалгастын жеңиши. UFC турниринин видео топтому

Жазылуу
UFC уюмунун YouTube каналына бүгүн АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 264 турниринин урунттуу учурларынын ирмемдери жарыяланды.
Кеченин негизги беттеши жеңил салмактагы америкалык Дастин Порье менен ирландиялык Конор Макгрегордун ортосунда болду. Мында ирландиялык спортчу буту сынып кетип, техникалык нокаут менен жеңилди.
Андан сырткары, дагы төрт жуп негизги беттешке чыкты. Жалпысынан мелдеште 13 таймаш өттү. Анда казакстандык Жалгас Жумагулов америкалык Жером Риверону муунтуу ыкмасы менен утуп алды.
Жаңылыктар түрмөгү
0