Жарака кетип, талкаланган үйлөр. Тажикстандагы жер титирөөдөн кийинки видео

Жазылуу
Бүгүн түнү Тажикстандын түндүгүндө очогунда күчү алты баллга жеткен жер титирөө катталып, беш киши көз жумуп, турак жайлар талкаланды.
Sputnik Тажикстан агенттигинин жазышынча, Рашт жана Тажикабад райондорунун тургундары көп жабыр тартты. Жаратылыш кырсыгынан кийинки видеону социалдык тармактын колдонуучулары чыгарууда.
Видеодон үйлөрдүн дубалдарынан чоң жарака кетип же такыр жарабай топонго айланганын көрүүгө болот.
Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборунан маалыматы боюнча, жер титирөө аймактагы убакыт боюнча түнкү саат 02.14тө катталган. Анын эпиборбору Кожент шаарынан 169 чакырым түштүк-чыгышта жайгашканы айтылат, ал эми очогу 40 чакырым тереңдикте жаткан.
Тажикстандын бийлиги атайын комиссия түзүүнү тапшырып, жашоочуларга керектүү жардамдарды берерин убадалаган.
Беш адамдан тышкары эки бала жабыркап ооруканага жеткирилген. Жер титирөөдөн 20 үй жана электр өткөргөн линиялары жабыркаган. Учурда чыгымдын суммасы эсептелип жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0