Бизде башаламан боло берсинби? Жапаровдун элчилерди какшыктаган видеосу

Жазылуу
Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарды каржы булактары тууралуу отчёт берүүгө милдеттендирген мыйзам кабыл алынды. Буга аталган уюмдар жана батыш өлкөлөрүнүн элчилери каршы чыкты.  Жакында эле президент бул маселени Франция жана Финляндиянын элчилери менен талкуулады.
Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 17-июнда кабыл алып, Жапаров 26-июнда кол койгон. Ага ылайык, бейөкмөт уюмдар каржы булактары, кирешелеринин өлчөмү, чыгымдары тууралуу Мамлекеттик салык кызматына отчёт берип турушу керек.
Франциянын Кыргызстандагы элчиси Жапаров менен болгон жолугушууда мыйзам долбоору тынчсыздануу жаратып жатканын айткан. Президент элчиден анын өлкөсүндө бейөкмөт уюмдар мамлекеттик каржы тууралуу отчёт берип турган мыйзам барбы деп сураганда, дипломат "бар" деп жооп берген.
"Эмнеге сиздерде отчётту ачык берип турушат, ал эми бизде андай болбошу керек? Мен ушул эле суроону Дональд Луга, Американын Кыргызстандагы элчисине да бергем. Ал да жооп бере алган эмес. Биз дагы акча кайдан келип жатканын көргүбүз келет. Бул кылмыш эмес да. Миллиард доллардан ала берсин, биз ага кубанычта гана болобуз. Бирок ал акчалар кайда кетип жатканын көргөзүшү керек. Мыйзамда ушул нерсе эле жазылган. Мындан кыйкым издөөнүн кажети жок", — деген Жапаров.
Мамлекет башчы ушул эле маселени Финляндиянын элчиси менен жолукканда да көтөргөн. Жапаров бул "биздин мамлекетте тартип болуп, силерде башаламан болсун" деген принципке окшоп каларын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0