UFC 264: көз караштар таймашында Макгрегор Порьени тээп сала жаздады. Видео

Жазылуу
UFC уюмунун экс-чемпиону Конор Макгрегор атаандашы Дастин Порьени көз караштар таймашында тээп сала жаздады. Окуянын видеосун промоушен өзүнүн Youtube каналына чыгарды.
Атлеттер кечээ беттеш алдындагы маалымат жыйынын өткөргөн. Анын аягында жүз карашуу учурунда өзүн кармай албаган ирландиялык мушкер атаандашын сол буттап тепкен. Бирок сокку америкалыкка тийген эмес. Спортчуларды промоушендин президенти Дана Уайт жана уюштуруучулар арачалап калышты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Таймаш 11-июлга караган түнү болот. UFC уюмунун 264-катардагы таймашы АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт.
Бул уюмдун жеңил салмактагы атактуу мушкерлеринин үчүнчү беттеши болуп саналат. Алгач 2014-жылы Конор Порьени нокаут менен уткан. UFC атлеттери быйыл 24-январда Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында кармашып, анда америкалык мушкер ирландиялыкты таймаштын экинчи раундунда сулата чаап жеңип алган. Муну менен Макгрегор карьерасында алгачкы ирет нокаутка түшүп жеңилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0