Рулда ичип алган айдоочуну көргөндө эмне кылуу керек. ЖКККББнын ролиги

Жазылуу
ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) ичип алып автоунаа айдаган айдоочуларды кезиктиргенде кандай чара көрүү керектиги тууралуу ролик жарыялады.
YouTube сервисине жүктөлгөн видеодо рулда бара жаткан айдоочу сыра ичкенин көрүүгө болот. Автоунаа катуу ылдамдыкта, жол эрежелерин бузуп бара жатат. Муну байкаган башка айдоочу телефон аркылуу ЖКККББнын нөөмөт бөлүмүнө кабарлайт. Андан соң жол инспекторлору ичип алган адамды токтотушат.
"Автоунаа кырсыктарынын көпчүлүгү жол кыймылынын эрежелеринин одоно бузулушу менен байланыштуу. Мисалы, ашынган ылдамдык, каршы тилкеге чыгуу, аралыкты сактабагандык, жөө адамдар өтүүчү чийиндерге көңүл бурбоо жана мас болуп айдоо", — дешти ЖКККББнын маалымат кызматынан.
Жол эрежелерин бузгандарды көрсөңүз (0312) 63-09-00, 63-09-01, 63-07-49, 100 (чалуу акысыз) номерлерине чалып же (0703) 63-09-00, (0708) 88-61-14 Whatsapp номерлерине кабарлаңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0