Арменияда каламадан 40 метрлик бутерброд жасашты. Видео

Жазылуу
Арменияда каламадан 40 метрлик бутерброд жасалып, ичине түрдүү сорттогу сыр менен жыпар жыттуу чөптөр кошулду.
Видео Sputnik Армения агенттигинин YouTube-каналына жүктөлдү.
"Айбуйс" аталышындагы фестиваль Енокаван айылында болгон. Мындай иш-чара өлкөдө дайыма өтүп келет. Максаты — түрдүү чөптөр менен чайларды туура пайдаланууну көрсөтүү.
Майрамдын алкагында каламадан бутерброд жасалган, аны армяндыктар "брдуч" деп коёт. Бул ирет калама үй-бүлөнүн, чөп-чар тынчтыктын, ал эми түрдүү сорттогу сыр дүйнө элине жакшылык каалоонун символу катары түшүндүрүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0