Үрөй учурат! Жалал-Абад милициясы жол кырсыктарынын видеосун топтоду

Жазылуу
Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы жол кырсыктарына байланыштуу айдоочуларга эскертүү иретинде жүрөк сестенткен видео чыгарды.
Роликте акыркы убакта катталган автоунаа кырсыктары көрсөтүлүп, видеонун ортолорунда милиционерлер айдоочуларды шашып айдабоого, эрежелерди сактоого, башкалардын өмүрүн ойлоого чакырып, ичимдик ичкендер рулга отурбашы керектигин эскертет.
Кыргызстанда 2021-жылдын беш айында 2,5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, жалпы 230дан ашуун адам көз жумган.
Жаңылыктар түрмөгү
0