"Ичтиӊби, унаа айдаба!". Ысык-Көл ЖКККБ жол кырсыгына байланыштуу ролик тартты

Жазылуу
Ушул жылдын беш айында Ысык-Көл облусунун жолдорунда 144 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 30 адам каза болсо, 279у жаракат алган.
Ысык-Көл облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жол кырсыктарына ичимдик да себеп болуп жатканын айтып, социалдык ролик жарыялады.
Анда алкоголдун айынан жол кырсыгына себепчи болуп, темир тор артына түшкөн жигит тууралуу баяндалат.
Ушул жылдын беш айында Ысык-Көл облусунун жолдорунда 144 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 30 адам каза болсо, 279у жаракат алган. Ошондой эле мас айдоочулардын кесепетинен жети жол кырсыгы болгону айтылат.
"Айдоочулар аз өлчөмдөгү ичимдик дагы алысты көрүүнү начарлатарын биле беришпейт. Кандай гана учур болбосун ичип алсаңыз унаа айдабаңыз. Өзүңүзгө жана башкаларга кам көрүп, коркунуч келтирбеңиз. Мас абалда унаа айдоо жол эрежесин одоно бузгандык болуп эсептелерин, буга ири өлчөмдө айып пул салынарын эскерте кетели", — деп айтылат маалыматта.
Мас абалында унаа айдагандарды Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБ ишеним телефонуна 0704 07 11 50 кабарлап коюуну өтүндү.
Жаңылыктар түрмөгү
0