BTS музыкасына шаңдуу бийлеген Boston Dynamics роботтору. Видео

Жазылуу
Америкалык Boston Dynamics компаниясынын итке окшоштуруп жасалган роботтору шаңдуу бийлешти. Жасалма техника аталган компаниянын түштүк кореялык Hyundai автоконцерни менен кошулушуна арналган аземде өнөрүн тартуулаган.
Видеодо көрүнүп тургандай, автомат иттер кореялык атактуу BTS тобунун музыкасына бийлешкен. Роликти хореографтар жана программисттер биргеликте түзгөнү айтылат.
"Программалык камсыздоого байланышкан көп көйгөйлөр болду. Хореограф бийчи адамдар менен иштеп көнгөн да. Баары алдын ала ойлонулуп, так жазылышы керек эле. Роботтордо бир жолу туура коюлган программаны кайталоо боюнча артыкчылык бар. Ал эми көйгөй жагын айтсак, роботко ар бир майда-барат ишти түшүндүрүш керек. Алар эч качан өзү ойлонуп жасап кетпейт", — деген компаниянын робот жасоочусу Эрик Уитман.
Жакында эле кореялык Hyundai автоконцерни Boston Dynamics компаниясынын акцияларын сатып алганы маалым болду. Эми алар робот чыгаруу өндүрүшүндө 80 пайыз үлүшкө ээлик кылат, акциянын 20 пайызы SoftBank мекемесине таандык. Компанияны 1,1 миллиард долларга баалашкан.
Дагы бир видеодо роботтор кореялык атактуу BTS тобу менен бийлешкен. Мында алар атактуу аткаруучулардын кыймылын туурашат.
Жаңылыктар түрмөгү
0