Жүрөк жылытат! Иттин чөгүп бараткан чаарчыкты сактап калган видеосу

Жазылуу
АКШнын Алабама штатында жашаган Харли аттуу ит сууга чөгүп бараткан чаарчыкты сактап калган.
Иттин жүрөктү жылыткан мындай боорукерлиги тууралуу анын кожоюну Ральф Дорн жазып, сүрөт, видеого тартканын "National Geographic Россия" сайты кабарлады.
Ральф Дорн ити бир нече убакытка жок болуп кеткендиктен издей баштаган. Үйү көлдүн жээгине жакын болгондуктан, терезеден сууну чапчылап жаткан жандыкты көздөй сүзүп бараткан Харлини көргөн...
Эликтин баласы көлдүн ортосуна эмне болуп барып калганы белгисиз. Адатта чоңдору өз алдынча сүзүп кетет, ал эми балдары жалгыз калса чөгүп кетери турган иш.
Харли көлдүн ортосуна жетип, чаарчыкты абайлап тумшугу менен түртүп, кээде катарлаша сүзүп, жээкке алып чыккан.
Домашние животные - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2021
Иттин ыйлаган баланы соороткон видеосу
Видеодон иттин камкордук менен эликтин баласын суудан түртүп чыгарып, калтырап турган чаарчыкты жалап, тынчтандырууга кылган аракетин көрүүгө болот.
Ральф Дорндун жазганына караганда, бир аздан кийин курганган чаарчык энесин ээрчип, түнөк жайы — токойду көздөй кирип кеткен.
Бир нече күндөн кийин кандайдыр бир дабышты уккан кожоюн эшикке чыгып, баягы чаарчыкты көргөн. Ал иттен биринчи сапардагыдай коркпой, тескерисинче, жыттап, айланчыктап жүргөнүн айтып берген.
Кинологдор кээ бир иттердин генинде башкаларды сактап, жардам берүүгө каалоосу күч болорун айтышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0