Чектөө киргизбейбиз. Улукбек Мариповдун видео кайрылуусу

Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кыргызстандыктарга кайрылды. Ал коронавирус пандемиясы учурунда ар бир адам өзү жана жакындарынын ден соолугу үчүн социалдык жоопкерчиликти сезиши керектигин эске салды.
Мариповдун айтымында, өкмөт массалык иш-чараларды эске албаганда чектөө киргизүүгө камынган жок.
"Ар бирибиз жакындарыбыздын ден соолугу үчүн социалдык жоопкерчиликти сезишибиз керек. Бул сиздердин коронавирус пандемиясы менен күрөшкө кошкон салымыңыздар болот. Биз 2020-жылдын июль айы кандай болгонун эсибизден чыгарган жокпуз. Ошол окуялардын кайталанышын эч ким каалабайт. Ар бирибиздин санитардык нормаларды сактаганыбыздан айланадагы адамдардын саламаттыгы көз каранды. Өзүңүздөрдүн жана жакындарыңыздардын жашоосун коркунучка кептебеңиздер. Эл көп топтолгон жерлерге, тойлорго барууну азайтыңыздар", — деди Марипов.
Өкмөт башчы вакцинаны биринчи кезекте улгайган адамдар алышы керектигин белгиледи. Ал ошондой эле өзү дагы жакында эмдөөдөн өтөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0