Саясатташкан айбанаттар. Желек "уурдаган" токой жаныбарынын видеосу

Жазылуу
Кадимки эле кемчеттин паркка сайып койгон желектин таяктарын түбү менен сууруп алып, шашып, күч менен сүйрөп бараткан учуру интернетке тарады.
"National Geographic Россия" сайтынын маалыматына караганда, канадалык сүрөтчү Майк Дигаут паркка желекти сайып коюп, ага келген кемчетти видеого тартууну көздөгөн. Бирок маалыматта анын планы эки эсе майнаптуу болуп, жаныбар "саясатташып кетип" ал тургай желекти ийинин көздөй сүйрөп жөнөгөн.
Сактайм деген кишинин айласын кетирген коаланын видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2021
Сактайм деген кишинин айласын кетирген коаланын видеосу
Кадрдан анын басып келип, жыгачка сайылган желекти айландыра карап, андан соң эки буттап тура калып, жетүүгө аракет кылганын көрүүгө болот. Анысы майнаптуу болбогондон кийин сайылып турган таякты жулууга тырмышып жатып, тиштегилеп да жиберип, акыры максатына жеткен.
Анын желек байланган таяктардын бирин тиштеп алып чуркап кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен видео бүтүп калган.
"Spud —жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн сүймөнчүгү, кишилерден коркпойт жана паркта пайда болгон жаңы объектилерди кызыгуу менен карап чыгат", — деп жазылган сайтта.
Анын адамдардан чочубаганы сүрөтчүлөрдүн кызыктуу ирмемдерди кармашына жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берери да айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0