Илбирс камераны аз жерден чайнап кое жаздады. Видео

Жазылуу
Алтайда жаш илбирс тоо башын чалып жүрүп, видеокапкан катары орнотулган камераны жыттап, тиштегилеп, аз жерден чайнап кое жаздаган.
"National Geographic Россия" сайты жырткычтын ысымы Карагай экендигин, ал Чихачев тоо кыркасын байырлаарын жазды.
Биринчи ирет январь айында илбирс техниканын жанынан өтүп кеткен. Ал жердеги чоң таштын түбүнө келип жыттагылап, андан ары жолун улаган.
Фотокапканга тартылган ак илбирс - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Сестенткен илбирс, сүлөөсүн, суур. Чоң-Кеминде фотокапканга түшкөн жаныбарлар
Ал эми эки айдан кийин келгенде жөн кетпей атайын кайрылып, техниканы карап, жыттап, тиштегилеп, ал тургай кемирип да көргөн. Бирок видеокамера жырткычтын "кол салуусун каармандык менен көтөрүп", "тирүү" калган. Ал тургай видеого тартуусун уланта берген.
Камерадагы башка видеолорду адистер текшерип, Карагай ал жерди көп чабыттаарын байкашкан.
Маалыматта ошол аймакты дагы бир картаң илбирс көп кыдырып жүрөрү, бирок ал эмнегедир камерага такыр эле түшпөгөндүгү айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0