Бир бакта өскөн 40 түрлүү жемиштер. Видео

Жазылуу
Бир эле бакта беш же он эмес, жемиштин 40 түрүнүн өскөнү таңгала турган көрүнүш. Америкалык профессор Сэм Ван Акен ойго келгени менен оңойго турбаган ишти жасаган.
"National Geographic Россия" сайты "Кырк мөмөнүн багы" деп аталган ыкманын автору, нью-йорктук профессор Сэм Ван Акендин эмгеги тууралуу жазды. Учурда бул селекционер Сиракуз искусство университетинде иштейт, художниктик да өнөрү бар.
"Бир ирет окумуштууга өзгөчө ой келип, аны турмушка ашырууга бел байлаган. Кадимки эле мөмө бакка эрте жазда ар кыл жемиштердин бутактарын кыйыштырып баштаган. Тунгуч эксперименти майнаптуу болуп, бутактар жаңы жерде жашап кеткен. Ошентип ар жылы акырындык менен кошуп отуруп, азыр бир түп бак кадимкидей эле бакчага айланган. Тагыраагы, бир дарактан 40 түрлүү мөмө байлаганын көрүүгө болот", — деп жазды аталган сайт.
Ал жерге барган киши шабдаалынын, кара өрүктүн, миндалдын, алчанын, алманын жана алмуруттун бир нече түрлөрүн кездештире алат. Ар бир өсүмдүктүн гүлдөө маалы ар башка болгондуктан, жылдын дээрлик төрт мезгилинде тең бактын гүлгө оронуп турганын көрүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0