Рекорд коём деген каскадёр дөңдү сүзүп көз жумду. Видео

Жазылуу
Мотоцикл менен трюк жасап таанылган америкалык каскадёр Алекс Харвилл аралыкка секирип дүйнөлүк рекорд коём деп жатып каза тапты.
TMZ порталы жазгандай, каргаша 17-июнда Мозес-Лейк (Вашингтон штаты) шаарында болгон. Бул жолу Харвилл мотоцикли менен жүз метрден ашык аралыкка секирүүнү ниет кылган.
Опубликовано видео неудачного прыжка каскадера — трюк едва не стоил ему жизни - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2020
Күйүп жаткан тегерек темирден секирем деп кулап түшкөн каскадер. Видео
Шоунун уюштуруучулары Харвиллдин секирүүсүнөн түшкөн акчанын бардыгын анын жакындарына берүүнү убадалаган.
Алекс Харвилл тажрыйбалуу каскадёр болгон. 2013-жылы мотоцикл менен 90,5 метр аралыкка секирип, дүйнөлүк рекорд койгон. Анын артында жубайы менен эки баласы калды, кичүүсү бир ай мурун төрөлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0