Крымдагы алаамат, сууда калкыган автоунаалар, албууттанган сел. Видео

Жазылуу
Крымдын Керчь шаарына адаттагыдан көп жааган нөшөрдөн улам калааны суу каптап, кадимки алааматка айланды.
РИА Новости түндө суунун көтөрүлүп кеткен деңгээли 1,5 метрге түшүп, 40-80 сантиметрдин тегерегинде турганын жазды. Суу каптаган аймакта 1 700 адам болгон.
Видеодон автоунаалардын сууда ширеңкенин кутусундай калкып калгандыгын, унаанын ичине шаркырап агып кирип жаткан сууну көрүүгө болот.
Чын эле суу жокпу? Чүйдөгү дарыялардын башынан тартылган видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Чын эле суу жокпу? Чүйдөгү дарыялардын башынан тартылган видео
Агенттик Керчь жана ага жакын жайгашкан райондорго эки айлык жамгыр бир жаап салгандыгын (82 милллиметр), ал бүгүн, жума күнү да, басылбай жаткандыгын билдирди.
Аймактагы Мелек-Чесме дарыясынын суусу көтөрүлүп кетип, шаардык оорукананын имаратынын алдыңкы кабатын каптаган.
Жаратылыш кырсыгы болгон жерден 1 387 адам көчүрүлсө, анын 238и балдар деп билдиришти.
Учурда аймакта чукул абал жарыяланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0