Кирпигин 20 сантиметрге чейин өстүргөн кытайлык аял рекордун жаңылады. Видео

Жазылуу
Кытайлык аял кирпигин 20,5 сантиметрге чейин өстүрүп, дүйнөдөгү эң узун кирпиктин ээси аталып, рекорд жаңыртты.
Кытайдын Ю Цзянься аттуу тургуну 2016-жылы дүйнөдө эң узун кирпик өстүргөнү үчүн Гиннестин рекорддор китебине кирген. Анда анын кирпигинин узундугу 12 сантиметр болчу.
2021-жылдын 20-майында китептин адистери анын кирпиктерин кайрадан ченеп, жаңы рекордду аныкташкан. Аялдын кирпиктеринин орточо узундугу 20 сантиметр болгон. Бирок алардын арасынан сол көзүндөгү бир кирпиктин узундугу 20,5 сантиметр экени аныкталган.
"Менин кирпиктерим тыным албай өсүп жатканын түшүндүм. Алар узаргандан узарып эле баратат. Кирпиктерим башкалардыкына салыштырмалуу эмне себептен узарып жатканын билиш үчүн дарыгерлерге да кайрылгам. Алар себебин айта алышкан жок, таң калышты", — деди Цзянься.
Аял кирпик боёгучтарды таптакыр колдонбой турганын айтып, узун кирпиктери көзүн боёксуз сулуу көрсөтөрүн белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0