Кылыч менен торт кескен Елизавета IIнин видеосу

Жазылуу
Чоң жетиликтин башчыларынын кездешүүсүнүн урматына өткөн иш-чарада ханыша Елизавета II өз колу менен торт кести.
Улуу Британия ханышасы Елизавета II G7 саммитинин катышуучуларын тортту адаттагыдан башкача кесип таң калтырды. Иш-чара Корнуолл графтыгында болгон.
Видеодон Елизавета IIнин кылыч көтөрүп басып келе жатканын көрүүгө болот. Жакшылап караган киши ал салтанаттарда пайдаланчу кылыч экенин байкайт.
Британиянын ханзаадасы Гарри жубайы Меган Маркл менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Гарри менен Меган Маркл кыздуу болду. Ага чоң энелеринин ысымы ыйгарылды
Бул иш-чара саммиттин башталышында Корнуоллдогу "Эдем долбоору" деп аталган ботаникалык бакчанын аймагында болгон. Ханышаны келиндери Камилла Паркер-Боулз жана Кэтрин Миддлтон коштоп жүргөн.
Елизавета II ал жерде тургандарды тамашасы менен жылмайткан. Ханышага тортту кескенге адаттагы эле бычак бар экенин айтышканда, "билем, бирок бул адаттагыдан башкачараак да" деп тамашалаган.
Ханыша азыр 95 жашта.
Чоң жетиликтин саммитинин ачылышы (G7) жума күнү Англиядагы Карбис-Бэй шаарында болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0