05:53 20 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7772
  • EUR99.8421
  • RUB1.1684
© Видео / National Judo Federation of the Kyrgyz Republic

Чемпион болгон спортчу кыз финалда жаракат алган атаандашына ичи ачышканын билдирип, ага жакшылык кылууну чечкен.

Венгриянын Будапешт шааарында өтүп жаткан дзюдо боюнча дүйнө чемпионатында кыздар күрөшүнөн япониялык Сара Асахинанын атаандашына көрсөткөн бийик адамгерчилиги көрүүчүлөрдү кубантты. Ал таймашта бутунан жаракат алып аксап калган атаандашы Вакаба Томитаны далысына көтөрүп, татамиден (килем) чыкканга жардам бергенин Эл аралык дзюдо федерациясынын расмий сайты жазды.

Боорукер спортчу оппонентине ичи ачышканын билдирген.

"Эң оор беттеш финалда болду. Мен чарчап, жеңилип да калышым мүмкүн болчу. Ал жаракат алып калды. Ичим ачышты, ошондуктан ага колдон келген жардамымды берип, татамиден чыкканга көмөктөштүм", — деген ал.

Сүйкүмдүү окуянын видеосун Кыргызстандын улуттук дзюдо федерациясы өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады. 

Анда дзюдо балбандары бийик адамгерчилиги менен дайыма коомчулукту таң калтырып келгени белгиленет.

Мелдештин жыйынтыгы аялдар күрөшүнөн +78 килограмм салмак категориясында төмөнкүчө болду:

  • Сара Асахина (Япония)
  • Вакаба Томита (Япония)
  • Мария Суэлен Альтеман (Бразилия) жана Беатрис Суза (Бразилия).

Тема боюнча

Адамгерчилиги бийик экен! UWW Айсулуунун аракетин жылдын жагымдуу учуру деп атады
Акактап келе жаткан атаандашына суу сунган Көчкөнбаевдин ич жылыткан видеосу
Белгилер:
дзюдо, дүйнө чемпионаты, Будапешт, Япония

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ