Жер жарылып унааларды жутуп кетти. Израилдеги окуянын видеосу

Жазылуу
Иерусалимде (Израиль) унаа токтуучу жайда жер жарылып, токтоп турган бир нече машинаны жутуп кетти.
Коркунучтуу окуянын тартылып калган видеосун Global News YouTube-каналына чыгарды.
Түштүк Кореяда беш кабаттуу үй эл ташып бараткан автобусту басып калды. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Түштүк Кореяда беш кабаттуу үй эл ташып бараткан автобусту басып калды. Видео
Окуяда адамдар жапа чеккен жок, кырсык учурунда унааларда киши болгон эмес.
Чукул кызмат крандын жардамы менен жараксыз болуп калган унааларды аңдан чыгарып берген.
Кырсыктын себеби азырынча тактала элек. Жакын жерде тоннель куруу иштери жүргүзүлүп жаткан. Жарылууга ал жактагы казуу иштери себеп болушу мүмкүн экени болжолдонууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0