Пачка-пачка доллар, алтын буюмдар. Бажычынын үйүн, кабинетин тинткен видео

Жазылуу
УКМК Бажы кызматынын Түштүк-батыш бажысынын жетекчиси Нурбек Айтмаматовдун жумуш ордун жана үйүн тинтүү учурунда тартылган видеону жарыялады.
Кадрдын башында атайын багыттагы аскерлер куралчан Айтмаматовдун кабинетине кирип келгени көрүнөт. Ал жерден сом түрүндөгү акча алынган. Ал эми турак жайын текшергенде пачка-пачка доллар чыккан. Ошондой эле кол саат, зер буюмдар жана тапанча табылган. Андан соң бажычынын бир нече кыймылсыз мүлкү, кымбат баалуу автоунаалары көрсөтүлгөн.
УКМК бүгүн Түштүк-батыш бажысынын жетекчиси мыйзамсыз баюуга шектелип кармалганын билдирген болчу.
"А.Н. өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, Түштүк-батыш бажысындагы товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды, товарлардын "жалган транзитин" уюштуруп, чоң суммадагы көмүскө киреше алып турган. Ал тапкан акчасын мыйзамдаштыруу үчүн 4,5 миллион долларга 30 "элиталык" батир, 1 миллион долларга 10дон ашык унаа алган", — деп айтылат маалыматта.
Атайын кызматтын билдиришинче, көмүскө кирешенин көп бөлүгү К.С.И. жана Р.К. курулуш компаниялары аркылуу мыйзамдаштырылып, негизги акциялары А.Н. аттуу мамлекеттик кызматкерге таандык экени аныкталган.
Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Жаңылыктар түрмөгү
0