Көк бөрү федерациясы евразиялык спортчуларды Ысык-Көл оюндарына чакырды

Жазылуу
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Улуттук көк бөрү федерациясы биргелешкен кайрылуу жасашкан.
Россияда өтүүчү "Русский мир" фестивалына катышкан Россия жана Евразия өлкөлөрүнүн көк бөрүчүлөрү Эл аралык Ысык-Көл оюндарына чакырылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков жасаган видео кайрылуусунда айтылды.
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Улуттук көк бөрү федерациясы биргелешкен кайрылуу жасашкан.
Анда аталган фестивалга катышкан көк бөрү командаларын сентябрь айында "Азия — кызматташтыктын жана тынчтыктын чөлкөмү" девизи менен өтүүчү эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндарына чакырган.
Аскарбеков Кыргызстандын бийлиги "Русский мир" фестивалына катышкан командаларды сентябрда өтүүчү Ысык-Көл оюндарында көргүсү келерин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0