Түштүк Кореяда беш кабаттуу үй эл ташып бараткан автобусту басып калды. Видео

Жазылуу
Түшүк Кореянын шаарларынын биринде беш кабаттуу үй жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан автобусту басып калып, бери дегенде тогуз киши каза болду. Дагы сегиз адам ар кандай жаракат алганы айтылууда.
Korea JoongAng Daily порталы жазгандай, каргашалуу окуя Кванджу шаарында болгон. Имарат бузулуп жаткан учурда анын бир жак дубалы жол тарапка кулап, жакын жерде аялдамада турган автобусту басып калган. Каза болгондордун жана жаракат алгандардын баары жүргүнчүлөр.
​Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин кылдат иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0