Бир кол чатыр астындагы Жапаров менен Эрдоган. Түркиядагы видео

Жазылуу
Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган президент Садыр Жапаров менен жолугушуу аземинин видеосун өзүнүн YouTube-каналына чыгарды.
Видеодон Кыргызстан президентинин кортежи ардактуу атчандар кароолунун коштоосу менен Анкара шаарындагы президенттин сарайына келип, ал жерден Жапаровду Эрдоган тосуп алганын көрүүгө болот. Сыртта жаан болгондуктан Түркия лидери кыргызстандык кесиптеши менен бир кол чатыр кармап басып келишкен.
Анкарада Президент Садыр Жапаров менен Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдогандын расмий жолугушуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Жапаров менен Эрдоган көзмө-көз жолукту. Козголгон маселелер
Андан соң мамлекет башчылары өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырып, мамлекеттик желектердин фонунда сүрөткө түшүштү.
Расмий жолугушуу аземи бүткөндөн кийин Жапаров менен Эрдоган сүйлөшүүгө кирип кетишкен.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен бүгүн Анкарага барган. 
Жаңылыктар түрмөгү
0