Кучак толо гүл алган Айгүл Жапарова. Президенттин Анкарага барган видеосу

Жазылуу
Мамлекет башчы расмий иш сапары менен Түркиянын борбору Анкара шаарына барды. Аны "Эсенбога" эл аралык аэропортунан Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой тосуп алган.
Өлкө башчыны Түркияга бир катар министрлер жана жубайы Айгүл Жапарова коштоп барган. Белгилей кетсек, иш сапардын алкагында президент Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү.
Мындан сырткары, Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугуп, эки өлкөнүн бизнес форумуна катыша турганы айтылды. Анкарада иштеп жүргөн мекендештер, окуп жаткан студенттер менен да баарлашары кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0