03:46 25 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.6625
  • EUR100.9643
  • RUB1.1706
© YouTube / RT на русском

Чукотка деңизинде ак аюулар муздуу шыргалаң сууда ырахаттана чумкуп, балыктай сүзүп жүргөнүн ыктыярчы тартып алган.

Мындай сейрек кадрлардын автору — сүрөтчү жана "Аюу кайгуулу" деп аталган ыктыярчылар кыймылынын мүчөсү Максим Деминов. Алар Чукотка деңизине барган кезектеги сапарында адамдын көзүн кубанта турган көрүнүштү кадрга түшүргөн.

Видео бир нече ак аюунун дал үстүнөн тартылган. Муздуу суу үстүнөн караганда тоңуп бара жаткан майга окшогон элес калтырат. Жаныбарлар шыргалаң сууда ырахаттана сүзүп, ал тургай чумкуп кирип кетип, бир топтон кийин гана деңиздин бетине кайра чыкканын көрүүгө болот. Төбөсүндө учуп жүргөн дронду байкап, алардын бирөө алдыңкы буттарын сермеп кармап калууга да аракет кылып жүткүнгөн.

Тема боюнча

Жаалданган бегемоттун туристтердин артынан сая түшкөн видеосу
Белгилер:
муз, дрон, ыктыярчылар, аюу, Чукотка

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ