Тарт, кеттик! Эльбруста муздун жаракасына түшүп кеткен кишини куткарган видео

Жазылуу
Эльбрус чокусунан түшүп келе жаткан эки альпинист багытынан адашып, алардын бири мөңгүдөгү жаракага түшүп кеткен. Окуя 5000 метрге чукул бийиктикте болгон.
Маалымат алгандан кийин Россиянын ӨКМинин Эльбрустагы издеп-куткаруу отрядынын жети кызматкери окуя болгон жерди көздөй жөнөгөн.
Видеодон куткаруучулар 4900 метр бийиктиктен альпинистти издөөгө киришкенде шамал болуп, кар тозоңун учуруп жатканын, бир нече кадам жерди көрүү да кыйынчылык жаратканын байкоого болот.
Анткен менен тажрыйбалуу адистер муздун жаракасына түшүп кеткен адамды акыры таап чыгышкан.
Видеонун толук версиясын куткаруучулардын Instagram баракчасындагы elbrusgo5642 аккаунтунан көрүүгө болот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ГИДЫ • ПРОВОДНИКИ • ЭЛЬБРУС (@elbrusgo5642)

Издөө иштери бороон-чапкынга карабай уланган. Жабырланган кишини муздун жаракасынан Азау жайыгына алып чыгып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Альпинист Эдуард Кубатов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Эдуард Кубатов Эвересттин чокусунан кыргызстандыктарга кайрылды. Видео
Кадрдан алардын бири-бирине кыйкырып жаткан үндөрүн бурганак улам жулуп кетип жатканын көрүүгө болот. Алардын "таптык окшойт. Ал түшүп кеткен оюкту да кар жаап калыптыр..."  деп өз ара сүйлөшүп жатканы угулат.
Видеодон кыргыз тилдүүлөр котормосуз түшүнгөндөй "тарт, кеттик" деген куткаруучулардын биринин сөзүн да уга аласыз. Эске салсак, Эльбрус Россияга караган Кабардин-Балкар Республикасынын аймагында жайгашкан. Аймактын расмий тилдеринин бири — түрк тилине кирген карачай-балкар тили.
"5000 миң метрден ылдыйлап, аба ырайы бузулгандыктан катталган топтун бирөө муздун жаракасына түшүп кеткен. Ал жигит экинчи ирет төрөлдү, туулган күнүң менен. Катаал шартта таштап баса бербей, кырсык болгон аймактан кетпей турган досуна рахмат. Болбосо анын кайсы жерге түшүп кеткенин тапмак эмеспиз. Эльбрусчулар адам өмүрүн сактап калганга баладай сүйүнүп турабыз", — деп жазылган куткаруучулардын elbrusgo5642 аталышындагы баракчасында.
Постун алдына алар "эгерде адам өмүрүн сактап калсаң, демек жөн жашаган жоксуң" деген дагы бир жакшы сөздү жазып коюшкан.
Instagram баракчасына жарыяланган видеонун алдына denisbelgrad аттуу аккаунттун ээси куткаруучуларга ырахматын айткан.
"Ооруканадан чыксам силерге сөзсүз кирип кетем. Сиздер бүгүн менин өмүрүмдү сактап калдыңыздар. Өмүр бою унутпайм", — деп жазган ал.
Эльбрус — Чоң Кавказдын каптал кырка тоосундагы обочолонгон эки чокулуу тоо. Батыш чокусунун бийиктиги 5 642 метр, бул Россиянын эң бийик жери. Ал эми чыгыш чокусунуку - 5 621 метр. Ал дүйнөдөгү эң бийик чокулардын бирине кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0