Кыргызстанда миңдеген жасалма евро сатууга аракет кылгандар кармалды. Видео

Жазылуу
ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлери чет элдик жасалма акча жасоого шектүүлөрдү кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Натыйжада криминалдык топ 10 миң евро жана 100 миңдеген сом менен кармалган.
Жасалма чет элдик валютанын таратылып жатышы боюнча ыкчам маалымат май айынын соңунда алынган. ИИМдин маалыматы боюнча, кылмышка шектүүлөр бир нече миң жасалма евро сатууга аракет кылышкан.
Бишкек шаарында 1000 доллар пара алып жаткан учурда милициянын улук сержанты кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
Бүгүн Бишкекте улук сержант 1000 доллар пара алып жатканда кармалды. Сүрөт
Аларды кармоо иштери 29-майда башталган. 
ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, кечки саат 20:05тер чамасында Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында мыйзамсыз иш кылып жаткан жеринен 41 жана 50 жаштагы эки кыргызстандык аял кармалган.
"Колго түшүрүлгөндөрдөн жогорку сапаттагы жасалма акчанын ири көлөмү табылган. Ал аялдар 10 миң жасалма еврону 600 миң сомго алмаштырып жаткан. Анын ичинен 470 миң сомду накталай алып, ага кошумча ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү автоунааны алышкан. Ошол эле күнү үчүнчү шектүү кармалган. Ал 30 жаштагы аял", — деп айтылат билдирмеде.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жасалма акчаларды ири партия менен жасап, сатуу ишин азыркы учурда абактарда отургандар жөндөгөн. Кылмышка 29 жана 30 жаштагы адамдар шектелүүдө. Алар мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын абактарынын биринде кармалып турганы айтылды.
Иликтөөнүн алкагында, соттолгондор абактардын бир нече камерасына тинтүү жүргүзүлүп, үч телефон табылган. Учурда тергөө жүрүп, экспертиза дайындалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0