Калдыкты ат чабым жерге ташыбай, мөңгүнү талкалашкан. Кумтөрдүн кейиштүү видеосу

Жазылуу
Кумтөр кенин кыргыз өкмөтү сырткы башкарууга алып, учурда өзү иштетип жатат. Буга Centerra компаниясы алтынды жапайычылык ыкма менен казганы себеп болгону айтылат. Негизги карьердин үстүндөгү "Давыдов" мөңгүсүнүн 178 миллион куб метр аянты талкаланган.
Кен казуу учурунда алтын кошулмасы бар рудалар фабрикага жөнөтүлөт. Андан башка калдыктарды атайын белгиленген жерге ташып келип төгүшөт.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова Centerra Gold Inc. компаниясынын туунду ишканасы "Кумтөр голд компани" 2014-жылга чейин бул талапты аткарбай, калдыктарды мөңгүнүн үстүнө таштай бергенин билдирди.
"Карьер менен жараксыз калдыкты таштоочу жайдын аралыгы 6-10 чакырым. Бул компания (Centerra) 1995-жылы эле ушул жерге ташып келип төгүш керек деген. Ушундан качып, 10 чакырым жерге кеткен күйүүчү майды үнөмдөйбүз деп карьердин тегерегиндеги муздардын үстүнө төгүп, мөңгүнүн тилин жок кылган", — деди Кутманова.
Өкмөт уулуу калдыкты казып, 106 тонна алтын алууга белсенди. Кумтөрдөн видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2021
Өкмөт уулуу калдыкты казып, 106 тонна алтын алууга белсенди. Кумтөрдөн видео
Мөңгүдөн түшкөн Петров көлүнүн суусун насос менен тарттырып алып кеткен. Ал суу фабрикада алтын чайкоого жана чарбалык иштерге колдонулат. Башкы эколог Centerra суу үчүн Кыргызстанга бир тыйын да төлөбөгөнүн, мындай практика дүйнөнүн бир да өлкөсүндө жок экенин айтат.
Кумтөр алтындын запасы боюнча дүйнөдөгү ири алтын кендердин бири. Бул кенди канадалык компания 1995-жылы казып баштаган. Ушул кезге чейин Centerra Gold Inc. жалпысынан 11,5 млрд. доллар пайда көргөн, ал эми Кыргызстан болгону 1,5 млрд. доллар алган.
Май айынын башында Кыргызстандын соту канадалык компанияга экологияга тийгизген залакасы үчүн 261,7 миллиард сомдук айып салды. Ал арада компаниянын жетекчилери өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болду.
Аны менен катар Кумтөрдө мөңгүнүн жылып турганына көз салган система өчүрүлгөн. Геотехниктер радар жайгашкан жерге барып төрт күн бою кол менен көзөмөлдөп турушкан. Учурда мунун баары калыбына келтирилди. Улук механик Саламат Тогузбаев базага түшкөн маалыматтар өчүрүлбөгөнүн, компьютердик башкаруу системасынын иши гана үзгүлтүккө учурап калганын белгиледи.
Кумтөр голд компани ишканасынын өндүрүш боюнча директорунун милдетин аткаруучу Нурдин Үсөнов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
"Кумтөр" сырткы башкарууга өткөндөн кийин эмне өзгөрдү? Директордун жообу
Ал эми "Кумтөрдүн" өндүрүш боюнча директорунун милдетин аткаруучу Нурдин Үсөнов компания сырткы башкарууга өткөндөн кийин өндүрүш токтобогонун, мурдагыдай эле күнүнө 35-40 килограмм таза алтын өндүрүлүп жатканын билдирди.
Азыркы тапта подрядчы компанияларды кошкондо кенде 3 500 адам иштеп жатат. Буга чейин кызматкерлердин 98,5 пайызын Кыргызстандын жарандары түзчү, калганы чет элдиктер болгон. Азыр бардык орундарды кыргызстандыктар ээлеген.
"Тышкы башкаруу киргенден баштап чет элдик жетекчилер да, жөнөкөй кызматта иштегендер да жок. Бүт Кыргызстандын жарандары иштеп жатат. Азыр бир аз башкача иштеп жатабыз. Мурда англисче сүйлөсөк азыр кыргызча, орусча сүйлөшүп калдык дегендей. Тышкы башкарууга кыргыздар эле келди да, мисалы, Теңиз Бөлтүрүк институтта окуткан агайым болчу. Эмгек жамааты баарына түшүнүү менен мамиле жасап жатат. Башка өзгөрүү жок, адистер өз ордунда иштеп жатат, алар көп жылдык тажрыйбасы бар кадрлар", — деди Үсөнов.
Белгилей кетсек, 28-майда кыргыз өкмөтү жана Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссия алтын кенге ЖМК өкүлдөрүн алып барып, азыркы кырдаал менен тааныштырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0