Алай-дүлөй болгон жаратылыш, темирлерди тегереткен шамал. Алтайдагы видео

Жазылуу
Алтай аймагында (Россия) катуу шамал кампаны бузуп, ал жердеги курулушту учуруп кеткен. Бул тууралуу "Катунь 24" телеканалы кабарлады. 
Шамалдан соң мөндүр коштогон жамгыр башталып, табияттын алай-дүлөй болгонун ошол жердин жашоочулары видеого тартып алышкан.
Окуя Кытманов районундагы Эски Тараба айылында болгон. Кадрдан чоң эле темир челектерди шамал талаада калай идиштей тегеретип баратканын көрүүгө болот.
Гигантское торнадо в Стамбуле сняли на видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2020
Кинодогудай кооптуу! Стамбулдагы адам өмүрүн алган куюндун видеосу
Андан сырткары, темирден жасалган курулуштун бөлүктөрүн шамал учуруп кеткен.
Алдын ала маалыматка караганда, жапа тарткан адамдар жок, бирок буудайды кайра иштеткен завод кыйла эле чыгымга учураган.
Маалыматта айлана бир заматта капкара болуп, табияттын бул кубулушу 10 мүнөттөй созулуп, андан соң эч нерсе болбогонсуп тынчып калганы да айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0