08:32 24 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.6481
  • EUR101.0106
  • RUB1.1649
Видео

Кишинин жүрөгүн түшүрөт. Айгүлдүн кызыктуу кесиби жөнүндө видео

Кыскача шилтеме алуу
281 0 0
© Sputnik / Жоомарт Ураимов , Эмиль Садыров / Эдиль Мелисбеков

Бүгүнкү видеонун каарманы адамды таанылгыс кылып өзгөртүп коё алат. Салмак кошот же кебетесин өзгөртөт. Чеберчилигин көрсөтүп берүүнү суранып, аны студияга чакырдык.

Айгүл Кыдыралиева — грим боюнча сүрөтчү. 17 жашында телекомпанияга визажист болуп орношуп, бирок чыгармачылыгын тереңдетүү үчүн башка жакка өткөн. Чоң кинодо иштесем деген тилеги болгон. Москвага кетип, кесибин өркүндөтүп, уникалдуу образдарды түзүүгө, көкүрөктө жаткан идеяларды турмушка ашырууга мүмкүнчүлүк алган. 

Художник по гриму Айгуль Кыдыралиева во время создания образа героини из фильма Проклятие монахини
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Айгүл Кыдыралиева — грим боюнча сүрөтчү

...Ошентип жүрүп бир күнү "Саякбай" долбооруна туш болуп калган. Ага тагылган милдет олуттуу да, жооптуу да эле. Актёр Марат Жантелиевден улуу феномен, теңдешсиз манасчы Саякбай Каралаевди "жасап чыгуу" керек эле. Чаап жаак актёрду бети тегерек карыяга айлантуу үчүн силикондорду чаптап, мурут "өстүрүп" талбай эмгектенген. Бирок көл аймагындагы күндүн ысыгынан улам грим агып, чаптаган муруттар улам түшүп, кино тартылып жаткан ар бир ирмемде "дайым даяр" турууга мажбурлаган. Бирок мындай түйшүктүү учурлар өзүн актап, гримердун ишин жогору баалашкан. Социалдык тармактагылар актёрдун кадимки келбети менен жаңы образын салыштырып, жасалган эмгекке жылуу пикирлерин калтырышкан. Ал эми профессионалдык багыттан алганда Лондон шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда "Мыкты грим" номинациясына татыган. Дал ушул номинациядан кийин анын гример катары кадыры артты. 

Художник по гриму Айгуль Кыдыралиева во время создания образа героини из фильма Проклятие монахини
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Айгүл Кыдыралиеванын айтымына караганда, тарыхый образды түзүү ага кыйыныраак

Айгүл Кыдыралиеванын айтымына караганда, тарыхый образды түзүү ага кыйыныраак. Буга оор грим колдонулат. Актёрлорго кабат-кабат кылып калың коюлган грим менен сааттап жүрүүгө туура келет. Негизи бул төрт саатка гана созулушу керек деген талап болгону менен ал көп учурда кагаз бетинде эле калат.

Дагы бир учур, Айгүл канжалаган образдарды түзүп иштегенди жакшы көрөт. 

Художник по гриму Айгуль Кыдыралиева во время создания образа героини из фильма Проклятие монахини
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Айгүл Кыдыралиева киночулар менен иштеше турган болсо бир жыл мурда келишим түзөт

Ал — ар кыл "жаракат" алгандар, колу-буту "тилинип" кеткендер же "жараатынан өлгөндөр". Кээде адамдын кесилген колун, тилин жасап берүүнү айтып, кайрылышат. Бул кинофильм үчүнбү же башкаларды чочутуп ойноо максатын көздөйбү, ага белгисиз бойдон каларын бизге айтып берди.

"Негизи кинофильмдин ийгилиги режиссёрго байланыштуу. Эгерде оюн жеткиликтүү, жакшы түшүндүрсө, гример аны дал өзүндөй жасап берет. Бирок көп учурда режиссёр эмнени каалап жатканын өзү да билбейт", — дейт Кыдыралиева.

Бүгүн гримерго кайрылгандар арбын, себеби Кыргызстанда кино индустриясы жаңы гана өнүгүп баштады. Кыдыралиева менен иштешчү киночулар бир жыл мурда келишим түзүп койгон.

Тема боюнча

Ала качуу салт эмес! Кыз тагдырын талкалаган жорук тууралуу тасма
Кыргызстандык Агата гимнастика "назик" спорт эместигин көрсөттү. Видео
Белгилер:
Айгүл Кыдыралиева, гример, "Саякбай" тасмасы, Кыргызстан

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ