Израилдеги зоопарктын пилдери ракеталык чабуулдан баласын коргогон видео тарады

Жазылуу
Тель-Авивдеги (Израиль) зоопарктын пилдери ракеталык чабуул боюнча эскертүү берген сиренаны айрымалай билгенди үйрөнүштү.
Жаныбарлар сирена жаңырары менен баласын ортого алып коргоого аракет жасаган видеону Рамат-Гана паркынын кызматкерлери көрсөттү. Кадр уюмдун Facebook баракчасына жарыяланды.
Видеодон 14 айлык пилди беш пил курчап, чабуулдан сактап калууга аракет кылганын көрүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0