09:18 29 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.6655
  • EUR100.1043
  • RUB1.1502
Видео

Милиция Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Видео

Кыскача шилтеме алуу
157 0 0

Эки эркек кишинин үстүнөн Бишкектин жашоочусу арызданып, алар коркутуп, ири суммадагы акча талап кылгандыгын айткан.

Борбор калаада уюшкан кылмыштуу топтун бир мүчөсүн жана башка дагы бир адамды милиция акча талап кылды деген шек менен кармады. Бул тууралуу Октябрь райондук милициядан кабарлашты.

Видеодон шектүүлөрдүн автоунаасын токтоткондо салондун полунан бир нече 100 доллардын жатканын көрүүгө болот.

Милициянын маалыматында, Бишкектин А.С. аттуу тургуну сентябрдан апрелге чейин 1000 доллар талап кылып келген "Б." жана "А." аттуу жарандарга карата чара көрүүнү суранып арызданганы айтылат.

Алар уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү экенин билдирип, автоунаага күчтөп отургузуп алып, акча бербесе өлтүрүп саларын айтышкан.

Кармалгандардын бири, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деген адам 31, экинчиси 40 жашта экенин билдирди. Милициядан бул эки киши ушул өңдүү башка кылмыштарга да тиешеси болушу мүмкүн деген шектенүү болуп жатканын айтышкан.

Тема боюнча

Аялын бычактап милиция чакырган эргул. Апрелдеги соттук чечимдер
Белгилер:
опузалап акча талап кылуу, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Бишкек, Кыргызстан

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ