Казак мушкеринин күттүргөн жеңиши. UFC уюмунун жаңы турниринин видеосу

Жазылуу
Жекшембиге караган түнү Невада штатында UFC Вегас 27 турнири өтүп, казак мушкери Дамир Исмагулов көптөн күткөн жеңишин камсыздады.
Турнирдин эң кызыктуу учурлары UFC Russia YouTube-каналына жүктөлдү.
UFC уюмунун жеңил салмагында чемпиону Чарльз Оливейра - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
Хабибдин ордун ээлеген Оливейранын урматына Бразилияда парад уюштурулду. Видео
Дагы бир башкы беттешинде кытайлык Ян Сяонань менен америкалык Карла Эспарза кармашып, Эспарза техникалык нокаут менен утту. Бул айым UFC уюмунун 52 килограмм салмактагылар арасында алгач ирет чемпион болгонун белгилей кетели. Кийин полльшалык Йоанна Енджейчикке алдырып ийген.
Казак мушкери Дамир Исмагулов бразилиялык Рафаэль Алвести калыстардын чечими менен жеңди. Ал ар кандай себептер менен 2019-жылдан бери UFC октагонуна чыга элек болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0