Асмандан жааган "от". Петербургда тартылган табышмактуу видео

Жазылуу
Санкт-Петербург шаарында 20-майда "оттуу жамгыр" жаап, таң калычтуу кадрлар видеого тартылып калган. Окуя шаардын түштүк-батыш жагында болгон.
Жергиликтүү "Фонтанка" деп аталган интернет гезит чагылган чартылдап, күн күркүрөгөндөн соң асмандан учкундар жерди көздөй чачырагандыгын жазган.
Часть моста обрушилась рядом с журналистами во время прямого эфира. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2020
Журналист түз эфир алып барып жатканда көпүрөнүн бир бөлүгү урап түштү. Видео
Видеодон ошол учурда көчөдө кетип бара жаткан кол чатырчан аялдын "оттуу жамгырдан" улам апкаарып, эмне кыларын билбей калгандыгын көрүүгө болот.
Гезиттин берген маалыматына караганда, жаратылыштын таң калтырган бул кубулушунан жабыркаган адамдар болгон эмес. 
Жаңылыктар түрмөгү
0