"Кырк уруу, жети дубан ынтымагы" кыймылынын мүчөлөрү баңгизат менен кармалды

Жазылуу
Күбөлөндүрүү учурунда үйдөн кармалган 10 жаран баңгизатка мас абалында болушканы аныкталган. Учурда үчөө камакка алынды.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Сокулук районундагы үйлөрдүн биринен "Кырк уруу, жети дубан ынтымагы" коомдук кыймылынын лидери жана 10 мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Россия менен Кыргызстандын 810 килограмм героин кармалган атайын операциясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Кыргызстан менен Россиянын күч органдары 810 кг героиндин жолун бууду
Натыйжада аталган кыймылдын лидери делген 51 жаштагы И.Д. кармалып, кийип жүргөн спорттук күрмөсүнөн 2,5 грамм кара куурай табылган. Аны менен кошо үйдүн ичинде кыймылдын 10 жигердүү мүчөсү отурган. Алардын кичүүсү 28, улуусу 57 жашта экени айтылат.
"Тинтүүнүн жүрүшүндө жайкы ашканадан бөтөлкөдөн тамеки тартуу үчүн колдо жасалган шайман (бульбулятор), кендир жыттанган өсүмдүк табылган. Андан сырткары, мончонун кийинүү бөлмөсүнөн Хьюго аттуу кызматтык ит 427 грамм марихуана салынган баштык тапты. Ал эми кармалгандардын бири Э. С. аттуу жарандын чөнтөгүнөн 3,6 грамм кара куурай чыкты", — деп айтылат маалыматта.
Күбөлөндүрүү учурунда 10 жаран баңгизатка мас абалында болушканы аныкталган. Үчөө Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Калганы тергөө иш-аракеттеринен кийин келүү милдеттенмеси менен бошотулган.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жана тергөө амалдары жүрүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0