Арменияда Азербайжан менен чек ара келишимине кол коюуга каршы митинг өттү. Видео

Жазылуу
Ереванда оппозициянын митинги өтүп, чогулгандар полиция менен кагылыша кетти. Эл митингге Армениянын Азербайжан менен чек араны демаркациялоо боюнча келишимине кол коюусуна каршы чыккан.
Нааразычылык акциясы 20-майда башталып, эл Ереванда Өкмөт үйүнүн алдына чогулган. Алар Пашиняндын Азербайжан менен чек ара боюнча келишимине кол коюусуна каршы. Мындай документтин бар экендиги бейрасмий булактар аркылуу маалым болуп, кыжырданган эл митингге чыкканы айтылды. Чогулгандар Еревандагы Баграмян проспектисин жаап, полиция менен элди нааразычылык акциясына кошулууга чакырган.
Армениянын чек арасын жанындагы талкаланган шаар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2021
Армениядагы чек ара жаңжалы: ЖККУ кийлигишер кезби?
Эске салсак, Арменияда Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол коюлгандан кийин бир нече ирет митинг болгон.
Армения менен Азербайжан Москванын ортого түшүүсү менен согуштук иш-аракеттерди токтотуу боюнча бир пикирге келип, макулдашышкан.
Ереван Бакуга Кельбаджар, Лачын жана Агдам райондорун өткөрүп берип, аймактарга Россиянын аскерлери барган.
Жаңылыктар түрмөгү
0