Сейрек көрүнүш. Жейрендин крокодилден кутулуп кеткен видеосу

Жазылуу
Кениядагы Масаи-Мара паркында олжо болуп кала турган жаныбардын эле эмес, окуяны көргөндөрдүн чыдамын алган учур болгон.
"National Geographic Россия" сайтынын жазганына караганда, жем болуп кала турган жейренди бир нече ирмемдик нерсе куткарып кетти.
Роликтен көк майсаңда жейренди тиштеген тейде кыймылсыз жаткан крокодилди көрүүгө болот. Анын азуусундагы жаныбар диртилдеп, оор дем алып, эрки болсо азыр эле качып кетчүдөй болуп турганы видеодон даана байкалат.
Крокодилден араң кутулган антилопа кабыланга капыстан жем болду. Кейиштүү видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Крокодилден араң кутулган антилопа кабыланга капыстан жем болду. Кейиштүү видео
Жырткыч жаактарын эс алдыргысы келдиби же башка себеп болдубу, айтор, оозун ачканда азуулардан бошонгон жейрен секирип туруп ажалдан качып кеткен.
"National Geographic Россия" сайты жейрендин кутулуп кетишин крокодил оорулуу болушу мүмкүн же олжосун туура эмес, тагыраагы, өзүнө ыңгайсыз кылып тиштеп алган деп боолгологон.
Жаңылыктар түрмөгү
0