Бийлик талашып кан төккөн тажиктерди эпке келтирген кыргыздар. Тарыхый видео

Жазылуу
Бишкекте мындан 24 жыл мурун 18-майда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Бириккен тажик оппозициянын лидери Саид Абдулло Нури меморандумга жана протоколго кол койгон. Анда кыргыз тарап коңшу мамлекеттеги жарандык согушту токтотууда ортомчулук милдетти аткарган.
Sputnik Кыргызстан агенттиги ал тарыхый сүйлөшүүлөрдөгү сейрек видеолорду сунуштайт.
Бир мамлекетте жашап, беш жыл бою согушкан тажикстандыктарды элдештирүүгө багытталган сүйлөшүүлөр 1997-жылдын 14-майында Бишкекте башталган. Ал үчүн борбор калаага Бириккен тажик оппозициянын лидери Саид Абдулло Нури менен коңшу республиканын президенти Эмомали Рахмон 13-майда учуп келип, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезиккен. Жолугушууну уюштурган Кыргызстандын тунгуч ажосу Аскар Акаевге тышкы иштер министри Роза Отунбаева, Коопсуздук комитетинин ошол кездеги төрагасы, генерал Жумабек Асанкулов, Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрик Асаналиев, Бириккен Улуттар Уюмунун генералдык катчысынын атайын өкүлү Ганс Дитрих Мерем көмөктөшкөн.
Тажикстандагы куралдуу кагылыштан 100 миңден ашык жаран каза болуп, бир миллиондон ашык тургун үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон. Ага чейин бийлик талашкан расмий Душанбе менен оппозиция үч жыл аралыгында Москва, Алматы, Исламабад, Ашхабад, Тегеран, Мешхед жана Хост (Түндүк Афганистан) шаарларында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок андан майнап болгон эмес.
Оор учурду Кыргызстандын мурдагы элчиси Эрик Асаналиев көзү тирүү кезинде мындайча эскерген:
© Фото / из личного архива Эрика АсаналиеваКыргызстандын мурдагы элчиси Эрик Асаналиев
Экс посол Кыргызстана в Таджикистане Эрик Асаналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыргызстандын мурдагы элчиси Эрик Асаналиев
"Алгач бийлик менен Бириккен тажик оппозициясынын ортосунда пикир келишпестик бар экенин байкадык. Москвадагы сүйлөшүүлөрдө расмий Душанбе Кремлге таянып, экинчи тарапка үстөмдүк кылууга аракеттенди. Ал эми Тегеран, Исламабад жана Хостто өткөн сүйлөшүүлөрдө Бириккен тажик оппозиция ислам мамлекеттеринин жардамына ишенип өз талаптарын коюп келди. Анын үстүнө Иран да эки тараптын ортосундагы сүйлөшүүлөргө таасирин тийгизүүгө умтулду. Анткени Тажикстан менен Ирандын тили, маданияты, үрп-адаты окшош, илгертен бери карым-катнашы бар. 1994-жылы апрелде Москвадагы Тажикстандын бийлиги менен оппозициясынын ортосундагы жолугушууда мага расмий Душанбе делегациясынын жетекчиси "биздин суранычыбыз, эки тараптын ортосунда Бишкек көпүрө болуп берсин деп Аскар Акаевичке айта барыңыз" деген өтүнүч менен кайрылды. Кийинки сүйлөшүүлөрдө тажик оппозициясы да айтып, алар да Кыргызстандын ортомчу болуп берүүсүн суранды. Эки тарап тең Кыргызстан Тажикстандын ички ишине кийлигишпей турганын, бейтарап саясат жүргүзө турганына көзү жетип, ишенди", — деген Асаналиев.
Ал эми Кыргызстандын тынчтык батальонун жетектеп барган генерал-лейтенант Исмаил Исаков Sputnik Кыргызстан редакциясына курган маегинде жарандык согуш маалында тажик жергесинде акылга сыйбаган мыкаачылык болгонун айткан.
"КМШ өлкө башчыларынын чечиминде батальондун саны боюнча 500 деп жазылганы менен биз өзүбүздүн тапшырмабызга карап 300дөн 470ке чейинки аскерден турган батальонду түзүп, аларды ар бир алты айда алмаштырып турдук. Жалпы Тажикстандын Ишкашим участогундагы 100 чакырым чек араны кайтарып, 4500-5000дей кыргыз жоокер өкмөттүн тапшырмасын так аткарып, элибизди уят кылышкан жок. Ал жактан көп нерсе көрдүк. Өлүмсүз согуш болбойт, бирок анда акылга сыйбаган мыкаачылыктар орун алган. Аялдардын ичин жарып салганга чейин барышкан. Андан сырткары, социалдык жардамга муктаж улгайган адамдар, аялдар, балдар качкын болуп, Чоң-Алай районунун Карамык айылы аркылуу 1993-жылы Кыргызстанга өтүшкөн", — деген ал.
Орток пикирге келип, ок атууну токтото албаган эки тараптын Бишкектеги сүйлөшүүлөрү үч күнгө созулуп, татаал өткөн. Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев ал процесстерди мындайча сүрөттөгөн.
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Аскар Акаев: Тажикстандын бийлиги менен оппозициясын үч күн дегенде эпке келтиргенбиз
"Адегенде эле эки тарап бир имаратта отургусу келбеди. Чыгыш салты боюнча коноктор менен үйдүн ээси бир дасторконго чогуу отуруп тамак ичкенден тарта элдешүү процесси башталат деп үч саат бою аларды көндүрдүм. Акырында эки жак тең макул болуп, түн ичинде баарын дасторконго отургузуп, бир нанды өзүм сындырып тамак ичтик. Айта кетчү жагдай, бул сүйлөшүүгө тажик калкынын атактуу акыны Гулрухсор Сафиева да кошулду. Эртеси, 14-майда, сүйлөшүүлөр башталып, анда БУУнун генералдык катчысы Кофи Аннандын атайын өкүлү Ганс Дитрих Мерем экөөбүз ортомчу болдук. Процесс бир топ кыйынчылык менен коштолду. Ар бир тарап өз кызыкчылыгын коргогонго өттү. Расмий Душанбе күч түзүмдөрү каршылаш тараптын колуна өтүп кетеби деп кооптонду. Ал эми оппозиция бийликтин өзөгүн түзгөн таасирдүү министрликтеринин тизгинин алууга умтулду. Эки жак бийлик талашып, бири-биринин сөзүн укпай жатты. Мырза Мерем экөөбүз буларды бир пикирге келтиргенге аракеттенип жаттык. Ошентип үч күн өттү, эч натыйжа болгон жок. 17-майда бири-бири менен кайым айтышып, жүз карашпай калышты. Түштөн кийин аэропортко камынып жатканын угуп, кечки тамакка калышын өтүнүп дароо Рахмонго телефон чалдым. Ошентип кечки тамакты ичкен соң эки тарапка кайрылдым: "Үч күндөн бери тажик эли менен бүт Борбордук Азия ЖМКдан Бишкектеги сүйлөшүүлөр кандай өтүп жатканын карап турган учуру. Эгерде ушул жерден элдешүүнү баштап кетпесеңер, анда тажик калкы силерди эч качан кечирбейт", — дедим. Мырза Мерем да мени колдоп, "тынчтык орнотууга саналуу кадамдар калды" деп эки жакты ынандырды. Бул түнкү чечүүчү сүйлөшүүдө Сафиеванын да ролу чоң. Ал менин өтүнүчүм боюнча Саид Абдулло Нури, Ходжи Акбар Тураджонзоданы Рахмон менен сүйлөшүүнү улантууга көндүрдү. Рахмон, Нури жана Тураджонзода биздин сөзүбүзгө муюп, сүйлөшүүлөрдү улантышты. Ошентип түнү бою эки тарап менен документтердин үстүндө иштеп, баарын тактадык. 18-майда таңга маал баарыбыз абдан чарчап, тыныгууга кетишти. Ошол учурда биз келишимди даярдадык. Түштөн кийин расмий Душанбе менен Бириккен тажик оппозициясы протоколго кол койду. Бул Бишкектеги сүйлөшүүнүн башкы жетишкендиги эле", — деген Акаев.
Үч күндүк сүйлөшүүнүн жыйынтыгында араздашкан эки тарап Бишкек меморандумуна жана "Саясий маселелер жөнүндө" протоколуна кол коюп, соңунда тажик президенти Рахмон кыргыз тарапка ыраазычылыгын айткан.
© Фото / Аскар АбдыгуловЭмомали Рахмон: Кыргызстандын элине бүгүнкүдөй биздин жолугушууну меймандос Бишкекте өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн ыраазычылык айтам
Президент Кыргызстана Аскар Акаев и президент Таджикистана Эмомали Рахмон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Эмомали Рахмон: Кыргызстандын элине бүгүнкүдөй биздин жолугушууну меймандос Бишкекте өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн ыраазычылык айтам
"Мен баарынан мурда, Аскар Акаевич, жеке өзүңүзгө чын дилимден ыраазычылыгымды билдиргим келет жана сиз аркылуу боордош Кыргызстандын элине бүгүнкүдөй биздин жолугушууну меймандос Бишкекте өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн ыраазычылык айтам. Кыргызстандын жетекчилиги 1992-жылы эле биздин көйгөйдүн саясий жактан чечилишине кызыкдар экендигин көрсөткөн. Биринчилерден болуп Тажикстанга өзүнүн тынчтыкты орнотуучу делегациясын жиберген. Кыргыз бийлиги дайыма тажик бийлигинин көйгөйлөрүнө сабырдуулук менен, изги ою менен мамиле жасап келгенин баса белгилеп айткым келет. Бүгүн жалпы күчтүү эркибиздин, Кыргыз Республикасынын президенти, менин бир тууганым Аскар Акаевичтин жигердүү көмөктөшүүсү, Бириккен Улуттар Уюмунун генералдык катчысынын атайын өкүлү мырза Меремдин ортомчулугунун аркасында биз Бишкек меморандумуна, "Саясий маселелер боюнча" протоколуна кол койдук", — деген Рахмон.
Кийин Бишкекте кол коюлган документтердин негизинде 1992-жылдын 27-июнунда Кремлде эки тарап тынчтык жөнүндө келишимге кол коюп, элдешүү процесси толугу менен соңуна чыккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0