Ракета тийген имарат бир секундда урады. Газадан тартылган видео

Жазылуу
Израиль менен Палестинанын ортосундагы куралдуу конфликт дагы деле уланып жатат. Тараптар бир нече күндөн бери бири-бирине ракеталарды кое берүүдө.
Май айынын башында Чыгыш Иерусалимдеги Шейх-Жаррахта жашаган бир нече палестиналык үй-бүлөнү аталган аймактан чыгаруу боюнча соттун чечиминен кийин палестиналыктар нааразы болуп чыгышкан. Мындан улам абал курчуп Аль-Акс мечитинин жанында Израиль полициясы менен Палестинанын жарандары кагылышкан. Кийин ХАМАС согушкерлер тобу Израилдин аймагына ракета ата баштаган. Израиль дагы жооп катары Газа тилкесине ракета менен сокку ура баштады.
Израилде 10 адам курман болуп, 50 киши жабыркады. Палестинада болсо курман болгондордун саны 218 кишиге жетти.
Акыркы маалыматтарга караганда, ракеталар Израилдеги Ашдоде шаарындагы имараттардын бирине тийген. Жабыркагандар бар. Израилдин армиясынын маалыматы боюнча, алар ХАМАС кыйымылынын командирлеринин үйлөрүн аткылап жатышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0