Чет тилде жер тааныткан туристтик милиция. Ысык-Көл ОИИБ тарткан видео

Жазылуу
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы туристтик милициянын ишмердүүлүгү жөнүндө социалдык ролик даярдады.
Видеону облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов YouTube тармагына жүктөдү.
Роликте милиционерлер чет элдик туристтерге Ысык-Көлдүн ажайып жаратылышы менен ар кыл тилде тааныштырып, ошону менен бирге коопсуздугу сакталарын белгилешет.
Облустук милициянын билдиришинче, жайында туристтик милициянын өздүк курамына эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылууда чоң жоопкерчилик жүктөлөт. Мурдагы жылдарда топтолгон тажрыйбалар быйыл да колдонулмакчы. Бирок иш коронавируска байланыштуу киргизилген санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
"Чет элдик же жергиликтүү туристпи, айырмасы жок. Туристтик милиция коопсуздугун сактап, аймакты жакшы билбесе жолду жана багыттарды көрсөтүп берүү сыяктуу жардам беришет. Сырттан келгендер көбүнчө тоо туризмине басым жасагандыктан, кызматкерлер Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда да кайгуул иштерин жүргүзүп турмакчы", — деп айтылат маалыматта.
Милиция Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында 13 туристтик маршрут боюнча кызмат өтөп, меймандарга кеңештерин берип турмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0