Казакстан учкучу жок алгачкы аппаратын сыноодон өткөрдү. Видео

Жазылуу
Казакстандын Коргоо министрлиги ата мекендик өндүрүштөгү "Шагала" аталышындагы алгачкы учкучу жок учуучу аппаратын Нур-Султан шаарына жакын жерде сынаганын билдирди.
Аны Улуттук коргоо университетинин окумуштуулары жасап чыккан. Аппарат аймакта чалгындоо иштерин жүргүзүүгө багытталган жана 3500 метр бийиктикте эки саат учуп жүрө алат. Ошол эле маалда 30 чакырымга чейинки аралыкта башкарылып, керектүү объектилердин координаттарын операторго жиберет.
Аппарат казакстандык программалык камсыздоо менен иштейт. Адистер "Шагала" башка чет элдик жабдуулардан кем калышпай турганын жана салыштырмалуу бир топ арзан экенин айтышууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0